Ала кийиздин аталышы жашоодо ак менен кара чогуу жүрөт деген ойду берерин Канымжан Сыдыкова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ала кийиздин адамга энергия берип, ден соолугун чындоочу касиети бар.
"Ала кийиздин аталышы философиялык жактан терең мааниге ээ. Бул буюм жашоодо жакшылык менен жамандык, ак менен кара бирдей жүрөрүн туюндуруп келет. Ала кийиз койдун жүнүнөн жасалат. Мурда кыргыздар боз үйдө жашаган мезгилде дайыма колдонуп келген. Изилдөөлөр боюнча ала кийиз адамга энергия берип, ден соолукту чыңдоочу касиети бар экен. Ушул себептен да, балким, ошол кезде ооругандардын саны аз болушу мүмкүн. Анткени ал учурда боз үйдө бир гана ала кийиз салынып турчу. Аны жасоо өзүнчө бир эмгекти талап кылат. Ар бир оюусу өзүнчө маанини камтыйт. Шырдакка караганда ала кийиз тез жасалат. Бир күндө эле даярдалчу буюм. Билекти оң кылып, сол кылып ала кийиз бышырышкан. Кыргыздар эч качан капкара кийиз жасаган эмес", — деди Сыдыкова.
Ал кийизден калган майда-барат жүндөрдөн текеймат (кийиздин калдыктарынан бириктирилген курак ала кийиз) жасалгандыгын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 30-сентябрда Талас облусундагы улуттук "Манас-Ордо" тарыхый-этнографиялык комплексинде "Кылым карыткан кыргыз ала кийизи" деп аталган эл аралык фестиваль өтөт.