Жанында куралы бар. Сокулуктагы атышуудан кийин милиция эки шектүүнү издөөдө

Кечээки атышуудан каза болгон адам 69 жашта болгон. Ал эми реанимацияга түшкөн киши 36 жашта.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жаңы-Жер айылындагы кечээки атышуудан кийин милиция куралчан эки шектүүнү издөөгө алды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Багыттамада 44 жаштагы Д.М.М. менен 41 жаштагы А.К.К. ак түстөгү LADA Priora автоунаасы менен жүргөнү, жанында "Сайга" мылтыгы болушу мүмкүндүгү айтылат. Бирөөсү Төмөнкү Чыгыш, экинчиси Жогорку Чыгыш айылынын жашоочулары.
Окуя кечээ 15:00дөр чамасында болгон. Милициянын маалыматы боюнча, жаңжал адегенде айылдык жаштар ортосунда жаңжал чыккан. Буга “муундар арасында улууларды сыйлоо” талаш-тартышы себеп болгон. Кийин ызы-чууга алардын ата-энелери аралашкан. Чыр күчөп отуруп мушташка, курал колдонууга жеткен. Милиция жаңжалдашкан эки тарап тең бир улуттагылар экенин белгиледи.
Каза болгон адам 69 жашта болгон. Ал эми реанимацияга түшкөн киши 36 жашта.
Учурда иш ИИМдин көзөмөлүндө, тергөө жүрүүдө.
Бишкектин чок ортосундагы атышуу: иш козголуп, экөө кармалды