Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады

Президент кыргыз тилин тумар катары тутуп, аны бардык жерде колдонуу маданиятын өркүндөтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.
Ал кыргыз тили мамлекеттик тил макамына ээ болгонуна 34 жыл болгонун эске салып, тилге олуттуу мамиле жасоо керектигин айтты.
“Бүгүнкү күндө кыргыз тили чектелүү чөйрөдө: коомдук-саясий жана маданий тармактарда колдонулуп, билим, илим жана техника чөйрөсүнө сүңгүп кире албай келет. Биз мамлекеттик тилибизди кеңири жайылтып, аны андан ары өнүктүрүү үчүн кыргыз тилин мамлекеттик саясаттын негизги багыты катары кароо менен өлкөнүн расмий турмушуна терең сиңирүүбүз кажет”, — деди Жапаров.
Ал быйыл кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам мамлекеттик тилдин мындан аркы өсүп-өнүгүшүнө өбөлгө болорун билдирди. Ошондой эле ар кандай документтерди башка тилде жазып, андан кийин кыргыз тилине которуу тажрыйбасынан арылышы керектигин айтты.
“Мамлекеттик тилдеги билим берүү тутумунун пайдубалынан бери кайра карап, кыргыз тилинде билим алып, оюн туюнтуп, кагазга түшүрө алган кызматкерлерди азыртадан өстүрүп чыгуубуз зарыл. Артыкчылыктуу илим тармактарында кыргыз тилдүү окумуштуу, изилдөөчүлөрдүн жаңы муунунун жаралышына тиешелүү шарттардын баарын түзүшүбүз абзел. Жалпы илимдин жана кыргыз тилинин илимий базасын байытуу дагы учурдун талабы болуп турат”, — деди мамлекет башчы.
Президент кыргыз тилин тумардай тутуп, үй-бүлөдөн баштап бардык коомдук-социалдык институттарга чейин мамлекеттик тилди колдонуунун, пайдалануунун маданиятын күн сайын өркүндөтүүгө чакырды.
Кыргызча катасыз жаза аласызбы? Тест