Садыр Жапаровго кайрылган америкалык сенатор коррупцияга күнөөлөнүүдө

Менендестин параны акчалай, уютулган алтын, кымбат автоунаа жана башка баалуу буюмдар менен алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. АКШ Сенатынын эл аралык комитетинин башчысы, Россияга каршы “бардык санкциялардын атасы” Роберт Менендес менен анын аялы Надин Арсланянга коррупция боюнча айып тагылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аларды коррупцияга аралашкан жана Египетке жашыруун иштеген деп шектенүүдө. Менендестин параны акчалай, уютулган алтын, кымбат автоунаа жана башка баалуу буюмдар менен алганы айтылды.
Менендес жубайы Надин менен бирге өз штатындагы "үч бизнесмен менен коррупциялык ишке барган" деп айыпталууда. Ошондой эле жубайлардын "конверттерге, кийимдерге, шкафтарга жана сейфке" катылган 550 миң доллардан ашык акчасы табылды. Америкалык прокуратуранын маалыматы боюнча, сенатор пара алуу үчүн Египетке иштеген. Ал аскердик көмөк жана курал-жарак сатуу боюнча жардам берип турган.

“Башка иштерди эске албаганда, Менендес Египеттин өкмөтүнө тымызын колдоо көрсөтүү үчүн АКШнын өкмөтүнө байланыштуу жашыруун маалыматтарды берип турган”, — деп айтылат айыптоодо.

Бул сенатордун ысымы кыргызстандыктарга жакшы тааныш. Себеби ал августтун башында Кыргызстандын бийлигин санкциялардан айланып өтүп, Россияга жардам берип жатат деп күнөөлөгөн. Садыр Жапаров мындай кадамды эптеп эле шылтоо таап өлкөгө кысым көрсөтүү аракети деп баалаган.
АКШ Түркияны балдарды согушка азгырган деп айыптоодо. Анкара жооп кайтарды