Бузулган кредиттик тарыхты оңдоого болобу? Адистин жообу

Насыя берүүдө бир нече фактор эске алынат, мурунку кредиттик тарых жалгыз негиз болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кардар насыя алуу үчүн кайрылганда көптөгөн факторлор эске алынат, алардын арасында кредиттик тарых боюнча маалымат негизги ролду ойнобошу мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Эрлан Абдраимов билдирди.
"Кардар берген документтер талдоодон өтүп, корутунду чыгат. Анын негизинде насыя берүү чечими кабыл алынат. Бул чечимге кредиттик бюронун берген маалыматы жалгыз негиз болбошу керек. Финансы-кредиттик уюмдар карыз алуучулардын финансылык абалына жана төлөө жөндөмдүүлүгүнө карата өз алдынча чечим кабыл алуусу тийиш", — деди Абдраимов.
Эгерде кардардын кредиттик тарыхы бузулган болсо, жаңы насыя алуу үчүн банкка кайрылуусу керек. Карыз алуучунун насыяны төлөө жөндөмдүүлүгү жакшы болгон учурда банк кредиттик тарыхын жакшыртуу үчүн кайрадан мүмкүнчүлүк берет.
"Андан ары ал кредитти мөөнөтүнөн өткөрбөй, өз убагында жабуу зарыл. Ошону менен кредиттик тарых акырындап оңдолот", — деди адис.
Радио
Аз маяна алган адам эс алууга кантип акча топтошу керек? Адистен кеңеш