БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Быйыл жыл башынан бери министрлер кабинетинин токтомдору менен 19 миң 860,35 гектар жер тилкеси трансформацияланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жер тилкелери төмөнкүдөй багыттарга бөлүнгөн:
калктуу конушка — 200 гектар;
логистикалык борборлорго — 3,42;
чек аралык заставага — 200;
тоо-кен тармагын инвестициялоого — 19 396;
пляждык зонага — 14,8;
дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекстерине — 46,13.