Баш прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Баш прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Р.А. 21-сентябрда кармалганын аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.
Кылмыш иштери боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу катары келип түшкөн акчаны инвентаризациялап келгенде каражат жетпей калган.

“Ошол эле күнү Аскер прокуратурасы бул факты боюнча иш козгоп, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде Р.А. кармалган. Акча толугу менен ордуна коюлган. Ыйгарылып алынган каражат жеке адамга таандык болгон, мамлекетке зыян келтирилген эмес”, — деди аталган ведомстводон.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды.
УКМК: Башкы прокуратуранын улук тергөөчүсү пара менен кармалды