Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Киев АКШ берген куралы түгөнсө кадамы кандай болорун ойлонуштурган эмес

Украинада бул маселе боюнча талкуулар жүрбөгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Украинанын бийлиги АКШ берген курал-жарак түгөнүп калса кандай аракеттерди көрөрүн ойлонуштурган эмес. Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов Американын PBS телеканалына билдиргенин РИА Новости жазды.
“Бизде "Б" планы боюнча өзүнчө талкуулар жүрүп жатат деп айта албайм”, — деген аткаминер.
Маегинде ал Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү орус-украин жаңжалындагы жеңиш деп эсептеген нерселер боюнча жалпы пикирге келе албай жатканына тынчсыздануусун билдирген.
"Батыш Украинанын жеңиши кандай болору боюнча бир пикирге келе элек. Алар жеңиш эмес, жардам жөнүндө кеп кылышууда... Эгерде бизде жеңиш болбосо, анда өлкөнүн бар экендиги жана конфликт убакыттын маселеси гана болот", — деген Данилов.
Жума күнү АКШ басылмалары Вашингтон Киевге ATACMS ракеталарын жөнөтүү чечимин жакынкы убакытта кабыл алышы мүмкүндүгүн жазган. Бирок Американын администрациясы Украинанын суранычтарын расмий канааттандыра элек. Ал эми Россия буга байланыштуу НАТО өлкөлөрүнө нааразычылык нотасын жөнөткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Ушунчалык көп. Илон Маск Украина армиясынын жоготуулары жөнүндө айтты