БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Жекшембиде, эртең, "Газпром" спорт комплексинин жанында саат 8:00дө Бишкек жарым марафону башталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.
Ага ар кыл өлкөлөрдөн келген спортчулар менен чуркоону жактыргандар катышат. Жөө күлүктөр 3, 10 жана 21 чакырымга чуркап, андан сырткары, басууга кызыккандарга 3 жана 10 чакырым каралган.
Саат 6:00дөн 10:00гө чейин Түштүк магистраль Чортеков көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин жабык болот.
Жарым марафонду Бишкек мэриясы, КРдин Жеңил атлетика федерациясы, Эл аралык марафон дирекциясы, Шаардык дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти уюштурууда.