Акылбек Жапаров балдарды олимпиадага даярдаган мугалимге 7 миң доллар тапшырды

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча, команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бир күмүш жана эки коло медалга ээ болду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайткан окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимге акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Жапаров маалыматтык технологияларды өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиададан байгелүү кайткан окуучуларга жана аларды даярдаган мугалимге акчалай сыйлык тапшырды

2 / 2

Жапаров маалыматтык технологияларды өнүктүрүү министрлер кабинетинин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи

"Биздин мектеп окуучулары дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн катышкан 355 окуучунун ичинен эң жакшы жетишкендиктерди көрсөтүштү. Сиздер азаматсыздар. Көптөгөн таланттуу катышуучулардын арасынан эң мыктысы болдуңуздар, бул чындыгында таасирдүү жыйынтык", — деди ал.
Сыйлык тапшыруу аземинде мектеп окуучуларын олимпиадага даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң доллардын сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң доллардын сертификаты, коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго миң доллардын сертификаты ыйгарылды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Зегед шаарында (Венгрия) информатика боюнча 35-эл аралык олимпиада (35th IOI 2023 Hungary) өткөрүлгөн. Ага Кыргызстандан Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов, Алихан Айдарбеков, Байтөрө Майрамбеков катышкан. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча, команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 1 күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.
Төрага Шакиев эл аралык олимпиаданы уткан 12 окуучуну куттуктап, планшет тапшырды