Радио

Мусаев: токойчулардын маянасы үч эсе көтөрүлдү

Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын директору Алмаз Мусаев өлкөдө токойлорду көбөйтүүгө өзгөчө маани берилип жатканын белгиледи.
Sputnik
Токой тармагында иштеген бардык кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик үч эсе көтөрүлдү. Бул тууралуу Алмаз Мусаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, республикалык бюджеттен Токой кызматына жалпы 700 миллион сом каралса, анын 600 миллион сому — эмгек акы. 2022-жылы Токой кызматынын бюджети 200 миллион сом боло турган.
"Токойду өстүрүү, көбөйтүү, коргоо жаатына жылына 90 миллион сом каралган, анын 72 миллион сому бөлүндү. Эмдиги жылга карата бюджет дагы көбөйөт деген үмүттөбүз. Анткени заманбап техника алуу мерчемделүүдө. Ошондой эле жакшы иштеген токойчуларга сый акы ыйгарууга жол ачылып жатат. Токойчулардын түшкөн каражатты жашыруусуна муктаждык болбой калды. Анткени министрлер кабинети Токой кызматынын ар кандай төлөмдөрдөн түшкөн каражатын өз алдынча пайдаланууга мүмкүндүк берүүдө. Ошондой эле учурда Токой кызматы толугу менен санариптештирилип жатат. Алсак, өлкөнүн токой баскан карталарынын 98 пайызы санариптештирилип, электрондук базага киргизилди. 42 токой чарбасындагы отчет, төлөмдөрдү толугу менен аралыктан жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Отургузулган көчөттөр толугу менен ошол электрондук базага киргизилүүдө", — деди Мусаев.
Ошондой эле ал токойлорду инвентаризациялоонун алдын ала жыйынтыгы чыкканын, ага ылайык, өлкөнүн токой баскан аянты алты пайыздан аша турганы болжолдонуп жатканын кошумчалады.