Сокулукта чыккан жаңжалдан улам бир киши каза болуп, дагы бирөө реанимацияда

Айылдык жаштар арасында улууларды сыйлоо эрежелери сакталбай жатат деген маселенин айланасында чыр чыккан. Кийин ага ата-энелери аралашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Сокулуктун Жаңы-Жер айылында жергиликтүүлөр ортосунда чыккан мушташтан бир адам каза болуп, дагы бир киши реанимацияга жаткырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн айылдык жаштар арасында “улууларды сыйлоо эрежелери сакталбай жатат” деген маселенин айланасында чыр чыккан. Кийин ага ата-энелер да аралашкан. Чыр күчөп отуруп мушташка, курал колдонууга чейин жеткен.
Милициядан билдиргендей, каза болгон адам 69 жашта болгон. Ал эми ооруканага жаткырылган киши 36 жашта.
"Чырдашкан эки тарап тең бир улуттан, алардын ортосунда мурда жаңжал болгон эмес. Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш жана жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголду. Бардык иштер ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган", — деп айтылат Чүй ОИИБдин маалыматында.
Аялдын кулак-мурдун кескен эркекке өкүм чыгарган судья боюнча иликтөө жүрөт