Лавров Гутеррешти АКШга каршы арбитраждык жараянды баштоого чакырды

Россия министри БУУнун Башкы Ассамблеясынын тармактык резолюциясында виза бербей өзү билемдик кылган "илдет" боюнча бир нече ирет айтылгандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутеррешти АКШга каршы арбитраж жараянын баштоого чакырды. Бул туурасында аталган ведомствонун сайтында жазылган.
"Министр баш катчынын көңүлүн БУУнун 1947-жылдагы борбордук мекемелер боюнча макулдашуусундагы милдеттенмелерин АКШнын бузган учурлары дагы деле уланып жатканына бурду. Буга Россиянын жана башка мамлекеттердин дипломаттарына БУУнун иш-чараларына катышууга виза бербей жатканын да кошту", — деп белгилешти ведомстводон.
Министр "түзүлгөн кырдаал Гутеррештин Кошмо Штаттарга каршы арбитраждык процедураны тезирээк башташын талап кыларын, бул туурасында БУУнун Башкы Ассамблеясынын тармактык резолюциясында бир нече ирет айтылгандыгын" белгилеген.
Лавров, мындан сырткары, Гутеррешке " Украинанын адамзатка карата жасаган кылмыштары (2022-2023)" деп аталган китепти тапшырган. Анда "Донбасстын балдары" деп аталган документалдык видеоматериалдар топтолгон.
Китептин бет ачарын 2023-жылы августтун орто ченинде өткөрүшкөн. Авторлору: РФтин Коомдук палатасынын мүчөсү Максим Григорьев, Мамлекеттик Думанын коргонуу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Саблин. Григорьевдин айтымында, китепте көрсөтмөлөрү менен украиналык неонацисттердин, алардын тилектештеринин 600дөн ашык кылмыштары боюнча эл аралык трибуналдын иштеринин жыйынтыгынын мазмуну камтылган.
АКШнын россиялык журналисттерге виза берүүдөн баш тартышы. Лавровдун пикири