Ун жетиштүү. Матрезерв фонду 40 миң тонна буудай чыгарып берет

Айыл чарба министрлиги өлкөдө буудайдын көлөмү жетиштүү экенин, кооптонууга негиз жоктугун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен.— Sputnik. Бүгүндөн тарта Мамлекеттик материалдык резерв фондунан 40 миң тонна буудай даны кампадан чыгарылат. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин депутаттар ундун кымбатташы боюнча маселе көтөрүшкөн. Россиядан буудайдын Казакстан аркылуу келишинде маселе жаралган. Казак өндүрүшүндөгү ундун баасы өскөн.
Министрлик өлкөдө буудайдын көлөмү жетиштүү экенин, кооптонууга негиз жоктугун айтты.
Эске салсак, кечээ УКМКнын башчысы, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев депутаттарды ундун баасы боюнча "хайп" кармабоого чакырып, баа көтөрүлбөстүгүн айткан.
Өлкөдөн ун менен буудайды экспорттоого тыюу салуу сунушталууда