Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде бир баскычка көтөрүлдү

Улуттук команда Казакстан, Индия, Беларусь жана Тажикстанды артта калтырган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) рейтингинде бир баскычка көтөрүлдү.
Улуттук команда 96-орунду ээлеген. Муну менен рейтингде Казакстан, Индия, Беларусь жана Тажикстанды артта калтырды. Биринчи үчтүккө Аргентина, Франция жана Бразилия кирет. Жалпысынан рейтингде 200дөн ашык команда бар.
Ал эми зонадагы Азия футбол конфедерациясынын командалары арасында Кыргызстан 46 өлкөнүн ичинен 16-орунда турат.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда улуттук команда Кувейтти 3:1 эсебинде жеңген. Ноябрда 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылкы Азия кубогуна тандоо оюндары башталат.
"Мурас Юнайтед" Кыргызстандын кубогуна ээ болду. Видео