Радио

Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы кандай?

Энергетика министрлигинин электр энергетикасындагы мамлекеттик саясат башкармалыгынын башчысы Өмүрбек Жеӊишбеков Кыргызстанда 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
Республика боюнча жалпы электр энергиясын керектөө 17 миллиард 400 миллион киловатты түзөт. Анын 14,2 миллиард киловаттын өзүбүз өндүрсөк, дефицит болгон 3,2 миллиард киловатт электр энергиясы Түркмөнстан (1,7 млрд), Казакстан (577 млн), Өзбекстан (146 млн) жана Россиядан (873 млн) импорттолот. Бул тууралуу Өмүрбек Жеӊишбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эгер керектөөчүлөр электр энергиясын колдонууда техникалык шарттарда көрсөтүлгөн эрежелерди сактабаса, мажбурлап жөнгө салуу чаралары көрүлөт.

"Элди күз-кыш мезгилинде электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо суу агымынан көз каранды. Кыргызгидромет быйыл суу сактагычка 107 пайыз суу келет деп божомолдосо, иш жүзүндө 93 пайыз агып келди. Эл үчүн 182,5 миң тонна көмүр камдоо боюнча сентябрь айынын планы 159,6 пайызга (291,2 миң тонна) аткарылды. Бюджеттик мекемелер үчүн 61,4 миң тонна көмүр даярдалды. Газ менен жылытууга 390 миң абонент кошулду. Бардык ГЭСтерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, анын ичинде Токтогул ГЭСинин экинчи агрегаты ноябрь айына чейин ишке берилет. Ошондой эле ири трансформатордук көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылды", — деди Жеӊишбеков.

Ал үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,7 миллиард куб метрди түзөрүн кошумчалады.