Кыргызстандан инвестиция алган ЕАЭБдин өлкөлөрү

Евразиялык экономикалык комиссиясы январь-март айларындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара инвестициялары боюнча маалыматтарды жарыялады.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Кыргызстандан чыккан инвестициялар Беларусь менен Казакстанга берилди. Евразиялык экономикалык комиссиясы январь-март айларындагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара инвестициялары боюнча маалыматтарды жарыялады.
Кыргызстандан Казакстанга 12,2 миллион доллар, Беларуска 0,4 миллион доллар, жалпысынан 12,6 миллион доллар инвестиция берилди. Өз кезегинде Кыргызстан бул убакыт ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 50,8 миллион доллар инвестиция алды:
Россиядан — 39,9 миллион доллар;
Казакстандан — 10,1 миллион доллар;
Беларустан — 0,8 миллион доллар.
Кеп келген түз инвестициялар жөнүндө болду.
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү