Бишкек четинде ШКУ, КМШ өлкөлөрү машыгуу өткөрдү. Сүрөт ирмемдер

Борбор калаанын четинде Шанхай кызматташтык уюмуна жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн террорчулукка каршы машыгуулары болду. Sputnik Кыргызстан бул аскердик окуулардан алынган ирмемдерди окурмандарга тартуулайт.
Sputnik
Күч түзүмдөрү "барымтага алынган адамды" куткаруу боюнча операция өткөрүштү. Бул иш-чара Бишкектеги түзөтүү колонияларынын биринин ЖЭБинде жана транспортто болду. Атайын даярдыктагы аскерлер шарттуу террорчуларды жана жаралган кооптуулукту жойду.
Машыгууга Армения, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдары катышты. Чет элдик делегациялардын башчылары бул машыгуу КМШ менен ШКУ мамлекеттеринин антитеррордук потенциалын бекемдегенин белгилешти.
1 / 18

Бишкектин четинде ШКУ, КМШ өлкөлөрүнүн аскердик машыгуусу болду

2 / 18

Күч түзүмдөрү "барымтага алынган адамды" куткаруу операциясын өткөрүштү

3 / 18

Сооттолгон техника, калкан жана ар кандай кырдаалга даяр турган аскерлер

4 / 18

Машыгуу Бишкектеги түзөтүү колонияларынын биринин ЖЭБинин аймагында болду

5 / 18

Тик учактан кыйчалыш кырдаалда түшүп жаткан спецназ

6 / 18

Абал курчуп турган учурларда жоокерлердин ар бир кадамы кыраакылык менен коштолушу лаазым

7 / 18

Имаратты камалоого алган учурдан бир көрүнүш

8 / 18

Спецназ шарттуу террорчуну жок кылды

9 / 18

Мындай учурда ӨКМдин өкүлдөрүнүн эмгеги да зор

10 / 18

"Барымтага алынган киши" эркиндикке чыкканда

11 / 18

Бул шарттуу террорчу. Колго түшүп, аны аскерлер алып бара жатат.

12 / 18

Кезек ӨКМчилерге жетти. Эми "өрттү" өчүрүш керек.

13 / 18

Куткаруу операциясына кызматтык ит да катышты

14 / 18

"Террорчуну" капталынан, алдынан, үстүнөн камалап жаткан ирмемдер

15 / 18

Машыгууда десантчы спецназдар да болду

16 / 18

"Барымтагы" алынган киши ӨКМ кызматкерлеринин колуна келди

17 / 18

"Террорчуну" көргөн ит жулунуп, ырылдап...

18 / 18

Машыгууга Армения, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын компетенттүү органдары катышты.