БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Азербайжандын Башкы прокуратурасы шаршемби күнү Карабахтагы окуяларда алты россиялык тынчтык орнотуучунун курман болушу боюнча эки кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер тобу Тертерский районундагы Джанятаг айылында рельефтин катаалдыгынан, туман жана жаандан улам россиялык тынчтык орнотуучу контингенттин аскерлери отурган автоунааны аткылап салган. Анын кесепетинен беш жоокер курман болгон", — деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратура ошол эле күнү дагы бир окуя болгонун кошумчалады. Аталган калктуу конушта Армениянын мыйзамсыз куралдуу түзүлүшүнүн жоокерлери россиялык тынчтык орнотуучуларга таандык КамАЗга ок чыгарган. Натыйжада бир тынчтык орнотуучу каза таап, дагы бири жаракат алган.
"Эки факт боюнча Азербайжандын Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелери боюнча иш козголду. Тергөө амалдарын жүргүзүү иши Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына жүктөлдү", — деди Азербайжандын Башкы прокуратурасы.
Мындан тышкары, бейшембиде эки өлкөнүн башкы прокурорлору телефондон сүйлөштү. Азербайжандын башкы прокурору Россия тарапка тынчтык орнотуучулардын курман болушуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты. Тараптар окуяга тыгыз кызматташуу менен тергөө жүргүзүүнү макулдашты. Учурда прокуратура тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дмитрий Полянский Азербайжандын күнөөкөрлөрдү жоопко тартууга даярдыгы эске алынганын билдирди.
"Тилекке каршы, россиялык тынчтык орнотуучулар өз милдетин аткарууда соккуга учурады. Аткылоонун кесепетинен курман болгондор бар. Азербайжан тараптын тез арада тергөө жүргүзүп, күнөөкөрлөрдү жоопко тартууга даярдыгы эске алынды", — деди ал.
Азербайжандын Коргоо министрлиги 19-сентябрда "локалдык мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларды" баштагандыгын, бул Тоолуу Карабахтагы конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн жасалганын билдирген. Ереван болуп жаткан нерселерди агрессия деп атап, армян бөлүктөрү Карабахта жок деп билдиришкен. Бир суткадан соң россиялык тынчтык орнотуучулардын ортомчулугу менен Карабахтагы согуш отун токтотуу сүйлөшүлгөн. Каралган шарттардын ичинде армян куралдуу топторун куралсыздандыруу жана оор техникаларды алып чыгып кетүү болгон.