23-сентябрга карата аба ырайы

23-сентябрга караган түнү республика боюнча абанын температурасы төмөндөшү мүмкүн. Тоолуу райондордо -2, тоолордо -11 градуска чейин суук болуп, кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 23-сентябрда айрым аймактарда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал. Өрөөндөрдө күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +18...+23, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26 градус жылуу болсо, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +11...+16 градуска жетет.
Борбор калаада күндүн табы +19...+21, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду.
Радио
Энергетика министрлигинин күз-кыш мезгилине даярдыгы кандай?