Радио

ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата өтүүчү маанилүү иш-чаралар тизмектелди

Экономика жана коммерция министрлигинин ЕАЭБди координациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Нурсултан Мукаев 2024-жылы ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата өтүүчү иш-чараларга токтолду.
Sputnik
Ушул жылдын август айында Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп, күн тартибинде "ЕАЭБ — 2030-2045" өнүгүү планы бекитилип, Россия Федерациясы иштеп чыккан Санкт-Петербург декларациясынын негизинде бир катар иш-чаралар мерчемделген. Бул тууралуу Нурсултан Мукаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 10 жыл аралыгында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү бир топ жогорулап, экономикалык өсүш болду.
"2022-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун сунушу менен 29-май — Евразиялык экономикалык биримдиктин күнү деп белгиленген. 2014-жылы дал ушул күнү ЕАЭБди түзүү боюнча келишимге кол коюлган. 10 жыл аралыгында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү бир топ жогорулап, экономикалык өсүш болду. Уюмдун ишин мындан ары кеңейтүү максатында да кадамдар жасалууда. Алсак, ушул жылдын август айында Армениянын Цахкадзор шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүп, күн тартибинде "ЕАЭБ — 2030-2045" өнүгүү планы бекитилип, Россия Федерациясы иштеп чыккан Санкт-Петербург декларациясынын негизинде бир катар иш-чаралар мерчемделген. Учурда ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки стратегиядагы иш-чараларынын аткарылышы жана натыйжалуулугуна басым жасалып, аткарылган иштерге баа берилет. Кийинки жылы ЕАЭБдин 10 жылдыгына карата мамлекеттик органдарда бизнес-коомчулук менен жолугушуулар өтөт. Анда ишкерлерди түйшөлткөн көйгөйлөр боюнча талкуулар уюштурулат. Алсак, транспорт, соода, логистика, киберкоопсуздук, санариптештирүүгө арналган көп маселе күн тартибинде болууда", — деди Мукаев.
Ошондой эле адис ЕАЭБдин алкагында билим берүү, илим, жаңы технологиялар багыттары боюнча бирдиктүү саясат караларын кошумчалады.