Радио

Кыргызстанда жеңил өнөр жай багытында тери, жүн иштетүүгө көңүл бурулат

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова өлкөдө 12 миң тоннадай тери иштетилбей ыргытыларын айтты.
Sputnik
Кыргызстанда жеңил өнөр жай багытында тери, жүн иштетүүгө көңүл бурулуп, жаңы технологияларды алып келүүгө инвестиция керектелет. Бул тууралуу Айнура Усенбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу булгаары, жүндү иштетүүнү артыкчылыктуу багыт катары бекитип, каржылоо жолдору каралат.
"Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын 90 пайызы тигүү багытына туура келет. Ал эми сырьёнун көбү сырттан ташылат. Электрондук коммерциянын өнүгүшү менен бул тармак дагы алдыга жылып, Wildberries, Ozon сыяктуу сатуу аянтчалары ачылып, жакшы мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Тигүүдөн тышкары жеңил өнөр жай багытында тери, жүн иштетүүнүн потенциалы абдан жакшы. Өлкөдө 12 миң тоннадай тери иштетилбей, ыргытылат. Ошондуктан булгаары иштетүүгө көңүл буруп, жаңы технологияларды алып келип, инвестиция тартуу зарылдыгы турат", — деди Усенбекова.
Ошондой эле адис Кыргызстанда тигүү тармагында суроо-талаптын жогору болгонуна байланыштуу кадр маселеси аксап жатканын кошумчалады.