Ишкана, өндүрүштөргө насаатчылык боюнча жобо киргизилүүдө. Ага ылайык, кадрларга тажрыйба топтоого шарт түзүлөт. Бул тууралуу Наргиза Туркебекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаштардын тажрыйба топтоосу эмгек рыногундагы көйгөлөрдүн бири.
"Окуу жайды аяктаган соң тажрыйбасыз ишке орношуу татаал. Ири ишкана, өндүрүштөрдө кадрды окутуу, үйрөтүү колго алынган. Ал эми орто жана чакан бизнесте мындай мүмкүнчүлүк дээрлик жок. Ошондон улам ишкерлердин сунушунун негизинде иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү мыйзамына насаатчылык боюнча жобо иштелип чыкты. Анын негизинде насаатчылык боюнча типтүү жобо ишканаларга дагы киргизилип, мында окуу жайды аяктап ишке орношкондорго насаатчы дайындап берүү каралган. Ошондой эле документте насаатчы боло турган адамдын милдет, жоопкерчилиги дагы белгиленген. Мисалы, ишкана насаатчыны үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар кесипкөй адамдардан дайындоосу шарт. Ал кесиптин спецификасына жараша үч айдан жарым жылга чейин шакиртти (стажер) үйрөтөт. Жыйынтыгы менен насаатчы шакирттин теориялык билимин канчалык деңгээлде колдоно алганын, ишти кандай үйрөнгөнүн талдап отчет түзүп, кадрлар бөлүмүнө тапшырат. Ошого жараша тийиштүү чечим кабыл алынат. Бул жобонун мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тиешеси жок. Анткени ал боюнча башка нормативдик документ даярдалууда", — деди Туркебекова.
Ошондой эле ал ишканалар насаатчыга кошумча каражат төлөп берүүнү колго алуу мүмкүндүгүн, бирок бул милдеттүү эместигин кошумчалады.