Украина бийлиги андай нааразычылыкка жооп берүүгө сөз берди. Бирок бул киевдик режимдин жалгыз тышкы саясий көйгөйү эмес экени ырас. Анткени көп тарап менен мамилесин бузуп алды. Кандайча буга дейре жетти? Бул эмнеге алып келет? Ренат Абдуллин бул сапар ушуларга жооп издеген. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Чыр-чатактын себеби
2023-жылдын май айында Европа комиссиясы (ЕК, Европа биримдигинин аткаруу бийлигинин жогорку органы) Украинадан айыл чарба өндүрүмдөрүнүн төрт категориясын Болгария, Венгрия, Польша, Румыния менен Словакияга экспорттоого тыюу салган. Бул эң оболу фермерлердин каршылык акцияларына байланыштуу. Арзан украиналык эгин жергиликтүү өндүрүшкө зыян бериши ыктымал.
Эмбарго улам узартылган. Аны азыр алып салышты. Европа комиссиясы: "Украина менен чектешкен беш мамлекеттеги координациялык платформа жана утурумдук чаралардан улам рыноктук бурмалоолор жок болду". Буга баары макул эмес. Болгариядагылар импорттун калыптанышы эми фермерлерге зыян бербейт деп чечишти.
Польша өзү мурда эскерткендей, Европа комиссиясынын токтомуна карабастан эмбаргону бир тараптуу тартипте калтырды. Венгрия менен Словакия да ошентти. Румыния орто позицияны карманып, премьер-министр Марчел Чолаку 18-сентябрда тыюу салууну дагы отуз күнгө узартууга даяр экенин айтты. Бирок ал Украинадан импорттоо өтүнүчтөрү түшпөгөнүн да кошумчалаган.
"Цивилизациялык жооппу?"
"Биз Берлин же Брюсселге кулак салбайбыз", — деди Европа комиссиясынын буйругу боюнча польшалык премьер Матеуш Моравецкий. Зеленский комиссиянын чечимин кубаттап, анын төрагасы Урсула фон дер Ляйенге "сөзүнө туруп эркин рынок эрежелерин сактаганы" үчүн ыраазычылык билдирди. "Бул – ЕБ менен Украинанын чындап биримдигинин мисалы. Эрежелер иштеп, келишимдер аткарылып турганда Европа дайым утушта", — деп билдирди ал. Ошону менен бирге эле коңшу мамлекеттердин түздөн-түз колдоосу да маанилүү экенин белгиледи. "Эгер алар ЕБ эрежелерин бузса, Украина цивилизациялуу түрдө жооп берет", – деп эскертти.
Украинанын соода өкүлү Тарас Качка Politico басылмасына берген маегинде "цивилизациялык жооп" эмне экенин түшүндүрдү. Киев Польшаны, Венгрия менен Словакияны сотко берүүгө ниеткер. "Алардын аракеттери мыйзамсыз экенин тастыктоо маанилүү", — деп баса белгиледи Качка.
Териштирүүлөр Европа биримдиги менен соода макулдашуусунун алкагында эмес, Дүйнөлүк соода уюму аркылуу жүргүзүлмөкчү. Словакиянын эмбаргону дандын төрт түрүнө, ал эми Польша ун жана жемдин тизмегин кошумчалаганы да кырдаалды курчутат. Соода өкүлүнүн айтымында, Венгрия дагы жыйырма чакты азыкка тыюу салган. Бири – эт. Бул чектөөлөр негизинен символикалык мүнөздө. Украина ал жакка кара малдын жана камандын этин көп деле экспорттобойт. Бирок Варшаванын нааразычылыгы күч. Эгер алар оюнан кайтышпаса, "чара көрүлөт", балким, "жашылча менен жер-жемишти Польшадан импорттоого тыюу салынат".
Бирок Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылуу азырынча бүдөмүк. Регламентке ылайык, териштирүү бир нече баскычтан турат: консультациялар, эксперттердин баасы, дооматтар угулат жана башка ушул сыяктуу. Так мөөнөттөрү да белгиленген эмес. Мындан сырткары, тараптардын кимисинен болбосун чыгарылган өкүмгө апелляция берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Айтор, узун кеп.
"Ливер колбасасынан" тарта "чабал интеллектиге" чейин
Киев режими европалык союздаштары менен эле жаңжалдашып жаткан жери жок. Жакында эле Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Индия менен Кытайды катуу бир зекип алды. Анын оюнда "өз кадамдарынын кесепетин талдабагандыктан" аталган эки мамлекеттин тең "интеллектуалдык дарамети чабал" имиш.
Кытай Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мао Нин Пекин украиналык каатчылык боюнча дайым жоопкерчиликтүү позицияны карманганын айтып, Подоляктан түшүндүрмө талап кылды. Украиналык кеңешчи: "Бир сөздү, "интеллект" дегенди туура эмес айтып алганын, "анын ордуна чабал аналитикалык потенциал", — дегиси келгенин айтып актанды.
Айтмакчы, анын оозунан бир катар абройлуу эл аралык түзүмдөрдүн дарегине ар кандай сөздөр чыгып кетти. Подоляк, маселен, Бириккен Улуттар Уюмун "акча табуучу контора", МАГАТЭ менен Кызыл чырым коомун — "биздин аң-сезимибизди ыпыр-сыпыр баалар менен толтурган фиктивдүү уюмдар" деп атады. Мындай өзүнчө бир дипломатиялык стилистиканы кезегинде Зеленский да колдонгон эле. Жайында Бен Уоллес менен украиналык лидер дал ушундай тейде бири-биринин сыртынан кайым айтышкандай болушкан. Анда Улуу Британиянын коргоо министри Киевди "ыраазы болгонду билбес" деп жемелеген эле. Америкалык булактар Украинанын улам жардам талап кылганы, ыраазы болбогону Жо Байденди кыжырдантканын да айтышкан. Анан да аталган өлкөнүн Германиядагы мурдагы элчиси Андрей Мельниктин былтыр канцлер Олаф Шольцту "таарынып калган ливер колбасасы" дегенин кантип эстебей коелу.
Өз көйгөйү жетиштүү
Украина маселеси чет өлкөлүк оюнчулардын башын катуу оорута баштады. Варшава менен Будапешт, мисалы, өздөрүнө бөлүнгөн каражатты алууга тырышып, көптөн бери Брюссель менен тил табыша албай келет. Киев мындай учурда эки тараптуу кысым көрсөтүү инструменти катары колдонулат. Буга башка факторлор да кошулат. Киевге венгерлерде Закарпатьедеги этникалык азчылыктардын укуктарын басмырлоодон улам дооматтар, ал эми поляктарда украиналык качкындар боюнча суроолор топтолуп калды.
Ошол эле учурда Польшанын башкаруучу партиясы баарын жөнгө салып, анын ичинде жергиликтүү фермерлер менен жагдайды тезирээк жайгарууга тырышууда, себеби бир айдан кийин парламенттик шайлоо өтөт. Электорат фактору океан ар жагында да маанилүү. Мурда Украина америкалык партиялардын башын бириктирген жалгыз тема эле, бирок республикачылар соңку убакта Байденди зекип, Киевге көмөктөшүүнү токтотууну талап кылууда. Эгер демократ президент Ак үйдө дагы бир мөөнөткө калгысы келсе, оппоненттеринин айткандарына кулак салууга тийиш.
Подоляк тарабынан кемсинтилген Кытай жана Индия кеминде эле БРИКС алкагында милдеттенмелер менен Россия менен байланышкан, ошол себептүү Украинага колдоо көрсөтө албастыгы белгилүү. Киевге Пекиндин ортомчу болуу аракети да, Батыштын жардамы да аз. Вашингтон менен европалык борбор калаалардын сөздөрүнө караганда, 2022-жылы Зеленский сураганын баарын алган, мындан ары көмөк күтүп болбойт.