БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жаткан депутат Сеид Атамбаевдин абалы начарлап, сөзүн токтотууга аргасыз болду. Мындан улам ал жыйындан чыгып кетти.
Эл өкүлүнүн консультанты Гүлбарчын Медетбекова депутаттын жүрөгү ооруп калгандыктан сөзүн токтотууга мажбур болгонун билдирди.
"Сеид Алмазбекович өзүн жаман сезип жатканын көргөндө мен дарыларын алып барып бердим. Андан соң жыйындан чыгып үйүнө кетти. Абалы начарлаганына байланыштуу сөзүн аягына чыгара албай калды", — деди консультант.
Ал негизи эле депутаттын жүрөк оорусу бар экенин белгиледи.