БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Санкт-Петербург Кыргызстандын азык-түлүктөрүн импорттоого кызыгууда. Бул туурасында Кыргызстан менен Санкт-Петербургдун өкмөт аралык комиссиясынын 12-отурумунда айтылды.
Иш-чара Бишкек калаасында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу тармагы боюнча өтүп жатат.
Санкт-Петербург шаардык администрациясынын тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Евгений Кассюранын айтымында, ал жакта айыл чарба азыктары Бишкекке салыштырмалуу бир топ кымбат. Ал "Кыргызстанда жасалган" деген белги менен тамак-аштын шаар дүкөндөрүндө сатыларына кубанганын билдирген.
"Биз кайра иштетүү менен алектенгендер жөнүндө маалымат алууга кызыкдарбыз. Жакында кыргызстандык бир жаран менен сүйлөшүп калсам, "эт жеген боюнча карышкырдан кийин эле биз турабыз" деп тамашалады. Совет мезгилинде Ленинград Кыргызстандан койдун этин алып турган. Эгерде аны кайра калыбына келтирсек, мурдагы салтты жанданткан болобуз. Койдун эти шаарыбызда аз, дээрлик жок десек да болот. Бир килограммы 700 сом турат, сапаты эң мыкты дегендери 1000 сомду чапчыйт", — деди ал.
Айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева Кыргызстан бийлиги Россияга эт сатууга кызыкдар экендигин айтты. Ал Санкт–Петербург бийлик өкүлдөрүнө "Кыргызстанда жасалган" деген сертификаттын алдында кайра иштетүү менен алектенген биргелешкен ишкананы Кыргызстанда түзүүнү сунуштады.