Каршы тилкеге чыккан. Ошто жол кырсыгынан үч студент кыз көз жумду

Каза болгондордун баары студенттер, алар Чыйырчык жайлоосунан келе жатышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там унаа жолундагы Каратай айылында жол кырсыгынан үч студент кыз көз жумду. Бул тууралуу Ош облустук жол кайгуул кызматы билдирди.
Окуя кечээ, 20-сентябрда, болгон.
"Honda Fit автоунаасын башкарып келе жаткан кыз каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жеңил автоунаадагы алты адамдын үчөө көз жумган, калган үч киши ооруканага түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Каза болгондордун баары студенттер, алар Чыйырчык жайлоосунан келе жатышкан.
Бишкек — Ош жолундагы кырсык: айдоочу жана үч кызы менен келин көз жумду