"Ошко да бир Нурдан керек". Депутат мектептин жерине тойкана курулганын айтты

Коргонбай уулу кезинде шаардык кеңештин депутаты таасирине таянып мектептин жерин алып койгон деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Ош шаарында мектептин аймагына тойкана куруп алып, 10 жылдан бери иштетип жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу парламентте билдирди.
"Фахриддин Тешебаев деген мурда Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп иштеген экен. Масалиев көчөсүндөгү мектептин спорт аянтчасын кыркып алып туруп эле тойкана куруп коюптур. Өзүнүн бийлигин колдонгонбу же кандай, тойканасы 10 жылдан бери иштеп жатат. Ошко да Бишкектегидей бир Нурдан (вице-мэр Нурдан Орунтаев — ред.) керек окшойт. Ушуларды иретке келтирбейлиби", — деди Коргонбай уулу.
Ал эми Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы депутат айткан Горький атындагы №8 мектеп-гимназияга караштуу жерде "Реми" тойканасы жайгашканын тастыктады. Мындан сырткары, ал жерде ресторан сыяктуу дагы бир имарат курулуп бүтүп калган.
"Реми" тойканасы
Калаа мэри Бакытбек Жетигенов мындан бир нече күн мурун ал мектепке барып, жерди муниципалдык менчикке кайтаруу тапшырмасын койгону белгиленди.
Бир класста 50 бала. Депутат Кара-Суудагы урайын деп калган мектеп тууралуу