Бишкек, Ош жана Чүйдө кызамыкка каршы эмдөө жүрүп жатат

Министрлик ата-энелерди балдарын эмдөөдөн өткөрүп, вирустун алдын алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кызамык вирусунун тарап кетишин азайтуу, оорунун чыккан жерин аныктоо жана Кыргызстанда андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизация боюнча өнөктүк жүрүп жатат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги эскертип, ата-энелерге кайрылды.
Өнөктүк Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 18-сентябрда башталган, 29-сентябрга чейин уланат. Анын алкагында кызамык, кызылча вакцинасы менен 9 айдан 7 жашка чейинки (7 жашка толгон) балдар эмделет.
"Эгерде бала соңку 28 күндүн ичинде вакцина алган болсо, кошумча талап кылынбайт. Кызамык — абдан коркунучтуу жана өтө тез жуга турган вирустук оору. Балдарды кызамыктан коргоонун жападан жалгыз ыкмасы эмдөө болуп саналат!" — деп эскертти медиктер.
Эмдөөнү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан, ФАПтан жана билим берүү мекемелеринде уюштурула турган убактылуу эмдөө пунктуларынан алууга болот.
Өлкөдө кызамык, кызылчага каршы эмдөө боюнча байланыш борбору иштеди