Кыргызстан банктары РФтин валюта рыногундагы сатууга катыша алат

Жаңы мүмкүнчүлүктү ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү жана ондогон башка мамлекеттер алган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын банктары Россиянын валюта соодаларына катыша алат. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн сайтында айтылат.
Анда Россияга достук, бейтарап мамиледе болгон өлкөлөрдүн кредиттик уюмдары менен брокерлери РФтин валюталык, финансылык инструменттердин жана туунду каражаттардын рыногуна киргизилери жазылган.
Тизмени Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин бекиткен. Анда 30 мамлекет камтылган, ичинде Кыргызстан да бар.
Токтом "Уюшулган соода сатыктар" деп аталган, 2023-жылдын июль айында кабыл алынган федералдык мыйзамдагы жаңы нормаларды ишке ашыруу үчүн даярдалган.
"Бул нормалар достук, бейтарап мамиледе болгон өлкөлөрдүн улуттук валюталарынын түз конвертация болушу боюнча механизмдердин майнаптуулугун арттырууну көздөйт. Андан сырткары Россия экономикасынын улуттук валютадагы эсептешүүлөргө болгон суроо-талабын канааттандыруу үчүн рублге карата түз котировкаларды түзүүгө багытталган", — деп айтылган билдирүүдө.
Эске салсак, былтыртан тарта Москва биржасында сом-рубль валюталары жупташып соодаланып келет.
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү