Кыргызстанда КМШ менен ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу өттү. Видео

Иш-чарага 11 мамлекеттин компетенттүү органдары катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде КМШ менен ШКУнун бирдиктүү антитеррордук машыгуулары өттү.
Ага Армения, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин компетенттүү органдары катышты.
Машыгуу учурунда күч кызматкерлери "барымтадагы" адамдарды бошотуп, Бишкектеги үч объектиден "террорчуларды" жок кылды.
Чет элдик делегациялардын башчылары бул машыгуу КМШ менен ШКУ мамлекеттеринин антитеррордук потенциалын бекемдегенин белгилешти.
Бишкекте КМШнын терроризмге каршы күрөш боюнча конференциясы өттү. Видео