БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ун кескин кымбаттады деп өкмөттү сындаган депутаттарга жооп берди.
Анын айтымында, баалар көтөрүлбөйт, арзан баада камдап койгон буудай кийинки жылга чейин жетет.
"Ундун баасы көтөрүлүп кетти деп "хайп" кармаган депутаттарга айтарым, баа өспөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын уну кымбаттады, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келбейт", — деди Ташиев.
УКМК башчысы билдиргендей, учурда 1-сорт ундун килограммы 30 сом, бир кабы 1500 сом болууда. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн.
"Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что ЖК депутаттары, Маматалиев, Икрамов, тормозни-сникерсни!" — деп кайрылды Ташиев.
Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйында депутат Марлен Маматалиев ундун кымбатташы боюнча жооптуу аткаминерлер сүйлөп эле тим болуп, иш жүзүндө эч нерсе жасабай жатканын айткан. Андыктан аларга "Сникерс" берип туруп "не тормози, сникерсни" деп коюуну сунуштаган.
Ал эми Тазабек Икрамов бир кап ун 1000 сомго кымбаттаганын айтып сындаган.