БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиасына лицензия жеңип алганын Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчуга Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен Олимпиадага жолдомо ыйгарылды.
Петрашов буга чейин Рио-де-Жанейродо (2016) жана Токиодо (2020) өткөн Олимпиада оюндарына катышкан.
Буга чейин КРдин Сууда сүзүү федерациясы Петрашов планетанын элиталык суучулдарынын бири болгонун билдирген.