Айпери Медет кызы дүйнөлүк чемпионатта бутунан жаракат алып, күмүш медаль утту

Балбан кыз кечээ Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Белградда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалында күмүш медалдын ээси болду. Тилекке каршы, кыргызстандык спортчу бутунан жаракат алып, япониялык Юка Кагамиге 0:8 упай менен утулуп калды.
Бул экөө өткөн жылы Азия чемпионатынын финалында дагы жолуккан, анда Айпери утуп чемпион болгон.
Медет кызы кечээ дүйнө чемпионатында финалга чыгып, 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону уткан.
Бүгүн кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы финалга чыгып, Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн экинчи жолдомону утту. Ал эртең япониялык Сакура Мотоки менен алтын үчүн күрөшкө чыгат.
Ал эми Мээрим Жуманазарова жаракат алганына байланыштуу беттешти уланта албай калды. Балбан буга чейин эки жолу беттешип ийгилик жаратып, чейрек финалга чейин жеткен.
Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо утту