БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Беттеш UWW сайтында көрсөтүлдү.
Чемпионат ушул тапта Сербиянын борбору Белградда өтүүдө.
Махмудов килемде 77 килограмм салмакта күрөштү. Спортчу 1/16 финалдан баштап норвегиялык, египеттик жана өзбекстандык балбандарды жеңди. Ал эми жарым финалда япониялык спортчу Нао Кусаканы 7:5 упай эсебинде утту.
Муну менен 2024-жылы Парижде өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо алды.
Акжол эртең алтын медаль үчүн күрөшөт.