Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Москва менен сүйлөшүүгө салынган тыюуну алса болот. Лавров Украина жөнүндө

Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Москва Украина менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт. Бул туурауу РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров айтканын РИА Новости жазды.
Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украина боюнча жыйында сүйлөгөн.
"Сүйлөшүүлөргө келе турган болсок, биз алардан баш тартпайбыз, бул боюнча президент Путин көп жолу айткан, жакында да сөз кылды", — деген Лавров.
Ал АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге кайрылып, каалоо болсо бул жасала турган нерсе экенин белгилеген.
"Эгерде АКШ буга кызыкдар болсо, Зеленскийге ал тыюу салган декретти жокко чыгарып кой деп буйрук берип коюш кыйын деле эмес", — деп кошумчалаган россиялык министр.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын кадамдары Зеленский үчүн жакшы сабак болду