Акаев: "Альянсты" эле эмес, бийликчил депутаттардын да дипломун текшериш керек

Депутат мындай кадамды башка депутаттарга психологиялык кысым деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев депутаттардын баарынын дипломун текшерип чыгууну сунуштады.
Парламентте "Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алган деп мандатынан ажыратуу маселесин карап, чоо-жайы тууралуу БШКнын маалыматын угушту.
Эл өкүлүнүн айтымында, Баш мыйзамдын ордуна түшүнүк менен жашаган учурлар өтө көп кездешип жатат жана ЖК депутаты сүйлөгөн сөзү же берген добушу үчүн куугунтукка алынбашы керек.
"Бизге келгенде эле Ленин өлүп калабы дегендей, эмнеге мындай тандалма мамиле болуп жатат?.. Бул чоң бир психологиялык кысым да. Бул башкаларга кийин добуш берерде коркуп турсун деген ишарат. Мындай "Альянс" фракциясына гана иштебеши керек. Келгиле, 90 депутаттын баарын текшерип чыксын. Бийликке ыктаган фракциялардын депутаттарынын да дипломун текшеришсин. Баарына бирдей, тегиз мамиле болсун", — деди Акаев.
Мындай сунушту вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев дагы колдоп, балким, арасынан дагы жасалма дипломдор чыгып каларын айтты.
Сот эки депутатты мандаттан ажыратуу боюнча БШКнын чечимин туура деп тапты