Ташиев террорчулук менен биргелешип күрөшүүнүн маанисине токтолду

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев террорчулук менен биргелешип күрөшүүнүн маанисине токтолду.
Борбор калаада КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясы өтүп жатат.
Ташиев террор кооптуулугу Афганстан менен Сириядан жаралып, бул өлкөлөрдө туруксуз кырдаал байкалып жатканын белгиледи.
"Террордун улуту, жынысы жана жашы жок. Ал башаламандыкты жаратып, кыйратып кетет. Террорго каршы күрөшүү үчүн жалпы аракет керек", — деген атайын кызматтын башчысы.
Ал Сириядагы согушка КМШ өлкөлөрүнүн жарандары катышып, согуштук тажрыйбасын арттырып жатканын кошумчалады. Мындай учурда маалымат жана тажрыйба алмашуу, контрчараларды кабыл алуу маанилүү ролду ойной турганын белгилеген.
Кыргызстан ШКУнун уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүнү сунуштады