Өлкөдө 211 миң майыптыгы бар адам жашайт. Мамлекет аларга кандай кам көрөт?

Майыптыгы бар ар бир төртүнчү бала жеке жардамчынын кызматын колдонот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан камсыздоо жаатындагы абал тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 211 миң майыптыгы бар адам жашайт, алардын 37 миңи балдар.
"Майыптыкты медициналык-социалдык эксперттик комиссиялар аныктайт. Жыл сайын 5 миңге жакын бала текшерүүдөн жана кайра текшерүүдөн өтөт. "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында текшерүү процедуралары жөнөкөйлөштүрүлдү, эми ар кандай ведомстволордон көптөгөн маалым каттарды чогултуунун кажети жок, бардыгы санариптештирилди", — деди Баатырова.
Министрдин маалыматы боюнча, майыптыгы бар балдарды социалдык камсыздоого ай сайын 8 миң сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөө каралган. Мындай категориядагы ар бир төртүнчү бала жеке жардамчынын кызматын алат, анын акысына айына мамлекеттен 6,3 миң сомдон берилет.
Майыптыгы бар 6 миңге жакын бала протездик-ортопедиялык буюмдарды акысыз алышат. Бул үчүн Россия, Германия, Кытайдын алдыңкы протездик өндүрүүчүлөрү менен кызматташууда. Электроникасыз иштеген, суудан зыян тартпаган жана балдарга толук ылайыкташкан протездик-гаджеттерди чыгаруу өздөштүрүлгөн. Буга чейин 13 бала ушундай киби-протездерди алышканы белгиленди.
Москва: эмгек миграциясындагы кыргызстандык аялдар үчүн борбор ачылды