Окумуштуулардын Молдовага кире албай аэропортто калышы. ТИМ үн катты

Учурда мекендештерди мекенге кайтаруу маселеси чечилип жатат
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги Молдовага кире албай калган Россия жана Борбор Азия окумуштууларынын тобу боюнча маалымат таратты.
Эскерте кетсек, илимпоздор тобунун мүчөсү Андрей Токомбаев орус тили боюнча өтө турган конференцияга катышуу үчүн Приднестровьеге жол тарткан окумуштууларды Молдова өз аймагына киргизбей, эки күндөн бери Кишиневдун аэропортунда турушканын жазган. Маалыматта топ мүчөлөрүнүн баарынын тиешелүү документи болгону айтылат.
ТИМ аталган топтун курамында үч кыргызстандык жаран бар экенин белгиледи.
"Министрликтин Консулдук департаменти жана Кыргызстандын Украинадагы элчилиги топ менен байланышта, консультативдик жардам көрсөтүлүүдө. Учурда мекендештерди мекенге кайтаруу маселеси чечилип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Министрликтин түшүндүрмөсүндө аталган окумуштуулардын тобуна өлкө аймагына кирүүгө салынган тыюу Молдовадагы өзгөчө абал режимине жана миграциялык, ошондой эле чек ара режимдеринин катаалдашына байланыштуу экени белгиленген. Элчилик буга чейин аталган режим тууралуу кабардар кылганы айтылды.
ТИМ элчилик менен бирге кырдаалга көз салып, мекендештерге зарыл болгон жардам көрсөтүү боюнча бардык аракеттерди көрүп жатканын кошумчалады.
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды