Жогорку Кеңеште Мадумаровдун кармалышы боюнча комиссия түзүү сунушу өткөн жок

Жыйында катталган 73 депутаттын 41и гана добуш берүүгө катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровдун кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушу өтпөй калды.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын мүчөлөрү лидери мыйзамсыз кармалганын айтып, анын чоо-жайын иликтөө үчүн парламенттик комиссия түзүүнү сунуштаган. Анын курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирген.
Бирок комиссиянын курамын бекитүү тууралуу токтом кабыл алуу үчүн добушка коюлганда 40 "макул", 11 "каршы" добуш берилди. Деген менен жыйынга катышып жатат деп 73 депутат катталган болчу.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев комиссия тууралуу токтом кабыл алуу үчүн кеминде 46 добуш керектелерин белгилеп, сунуш өтпөй калганын айтты.
Белгилей кетсек, 2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Кыргызстан тажик тараптан талаштуу Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алып жатат делген протоколго кол койгон деп айыпталууда. Мындан улам депутат чыккынчылык беренеси менен кармалып, эки айга камалган.
УКМК абагында жаткан Кутманова менен Мадумаров оорулуу экенин айтышты