Кытай Кыргызстанга 38 автотехникадан турган көчмө оорукана берди

Макулдашуу өткөн жылы Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин ортосунда Самаркандда өткөн саммитте түзүлгөн болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Кытай Кыргызстанга ар биринде 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана берди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган госпиталдын өзгөчө кырдаал болгондо жабыркагандарга окуя болгон жерде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонуларын айтышты.
1 / 2

Кытай Кыргызстанга ар биринде 19 автоунаа бар эки көчмө оорукана берди.

2 / 2

Аталган госпиталдын өзгөчө кырдаал болгондо жабыркагандарга окуя болгон жерде сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонуларын айтышты.

Бул боюнча макулдашуу өткөн жылы Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин ортосунда Самаркандда өткөн саммитте түзүлгөн болчу. Анда Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен Кыргызстандын министрлер кабинетине көчмө оорукана берүү долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борбору ачылды. Сүрөттөр