БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстанда жыл сайын 20-сентябрда Ишкерлердин күнү белгиленип келет. Улуттук статистика комитети өлкөдөгү ишкерлер тууралуу фактыларды даярдады.
Өткөн жылы республикада 17 миң кичи жана орто ишкерлик катталган. Анда 92 миң адам иштеп, орточо айлыгы 15 944 сомду түзгөн. Бул өлкө боюнча орточо айлыктан 10,5 миңге аз. Кичи жана орто ишкерликтин дээрлик үчтөн бир бөлүгү соода, төрттөн бир бөлүгү өнөр жай жана курулуш тармагы.
Үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата маалымат боюнча өлкөдө 442,5 миң адам жеке ишкерлик менен алектенип турган.
"2022-жылдын жыйынтыгы боюнча кичи жана орто бизнестин дүң баасынын көлөмү 420,4 миллиард сом же ИДПнын 43,3 пайызын түзгөн", — деп айтылат маалыматта.