Өлкөдөн ун менен буудайды экспорттоого тыюу салуу сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Ун, меслин (буудай менен кара буудайдын аралашмасы) жана буудайды Кыргызстандан сыртка ташып чыгууга жарым жылга чейин тыюу салуу сунушталууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлады.
Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баанын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында жасалып жатат. Чектөө Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттерге тиешелүү эмес.
Министрликтен Казакстанда да баа көтөрүлгөнүн айтышты. Андан сырткары, коңшу мамлекет буудайды алардын аймагы аркылуу ташып келүү боюнча келтирилген өтүнүчтөн баш тарткандыгы маалым болду.
Кыргызстанда быйыл тоют 30 пайызга аз. Өкмөт жем-чөп экспорттоого тыюу салат