КМШ жана ШКУнун алгачкы антитеррордук машыгуусу эртең Кыргызстанда өтөт

Машыгууну Бишкектин четинде өткөрүү пландалган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Эртең Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги жана Шанхай кызматташтык уюмунун биргелешкен алгачкы антитеррордук машыгуусу Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Борбор калаада КМШга мүчө өлкөлөрдүн террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү боюнча I конференциясы өтүп жатат. Машыгууну 21-сентябрда Бишкектин четинде өткөрүү пландалган.
"Эл аралык уюмдардын кызматташтыгынын алкагында күч-аракеттерди бириктирүү демилгеси жамааттык коопсуздугубузга келтирилген коркунучтарды алдын алуу үчүн масштабдуу чараларды көрүүгө түрткү болот. Мындай жалпы иштерге Кыргызстандын салымы — КМШ жана ШКУнун алкагында "Евразия-Антитеррор-2023" антитеррордук машыгууларды өткөрүүсү. Бул мындай багыттагы биринчи тажрыйба болуп саналат", — деди Ташиев конференцияда.
Ташиев террорчулук менен биргелешип күрөшүүнүн маанисине токтолду