БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабахтын кооптуу райондорунан эки миңден ашуун жашоочуларды, миңден арбыныраак балдарды (1049) эвакуациялады.
Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинин материалын Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы таратты.
Азербайжандын Коргоо министрлиги 19-сентябрда "локалдык мүнөздөгү антитеррордук иш-чараларды" баштагандыгын билдирген. Бул Тоолуу Карабахтагы Конституциялык түзүмдү калыбына келтирүү үчүн жасалганын айткан. Ага Армения тарап да жооп берип, кагылыш болгон. Россия бул кырдаалга кайдыгер карабай турганын айтып, эки тарапты чатакты тынчтык жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырган.