Карабахта жаңжалды токтотуу макулдашылды. Армения армиясын чыгарып кетет

Россиянын тынчтыкты орнотуучу контингентинин ортомчулугу менен тынчтык келишими түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Тоолуу Карабахта согуштук аракеттерди толугу менен токтотуу макулдашылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Аталган аймактагы атышуулар жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00дө (15:00 бшк) токтошу шарт.
Россиянын тынчтыкты орнотуучу контингентинин ортомчулугу менен Тоолуу Карабахта тынчтык келишими түзүлгөнү белгиленди.
Өз кезегинде Азербайжандын Коргоо министрлиги антитеррордук операциянын токтотулганын билдирди. Эми Армения Карабахтагы аскердик түзүмдөрүн жана техникаларын чыгарып кетет. Аны тынчтыкты орнотуучулар координациялап турат.
"Армениянын Куралдуу күчтөрү Азербайжандын аймагынан чыгып кетишет. Мыйзамсыз армян куралдуу түзүмдөрү таркатылат", — деп билдирди Баку.
Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков юридикалык жактан алганда Баку өзүнүн аймагында иш-аракеттерди жүргүзүп жатканын айтты.
"Путин менен Пашиняндын телефон аркылуу сүйлөшүү мөөнөтүн макулдашууну күтүп жатабыз. Алиев менен байланышуу каралган эмес, эгер муктаждык жаралса макулдашылат", — деди Песков.
Ереванда Карабахтагы кырдаалдан улам эл митингге чыгып, жолдорду тосууда. Видео