Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди

Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. – Sputnik. Түркиянын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөгү Бишкекке жеткирилип, туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.
Эки күн мурда Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги менен консулдугу каза болгон пилоттордун сөөгүн мекенине жеткирүү иштери боюнча иш алып барып жатканын билдирген.
Эске салсак, Түркияда Измир провинциясындагы токойдогу өрттү өчүрүү иштери учурунда тик учак кулаган. Төрт кишиден турган экипаж мүчөлөрүнүн үчөө кыргызстандык экени аныкталган. Кырсык "Тахталы" суу сактагычынан суу алып жатканда болгон. Алардын ичинен кыргызстандыктардын бири аман калып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк калган учкучтардын сөөгү табылган.
Түштүк Африкадагы көп кабаттуу үйдө өрт 73 өмүрдү алып кетти. Видео