Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына жолдомо утту

Ушуну менен Кыргызстандын капчыгында Олимпиадага 2 жолдомо топтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында финалга чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына жолдомо алды.
Тыныбекова жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде утту. Кыргызстандык балбан алтын үчүн эртең күрөшөт.
Кечээ Париж Олимпиадасына алгачкы жолдомону Айпери Медет кызы алган.
Ал эми Мээрим Жуманазарова жаракат алганына байланыштуу беттешти уланта албай калды. Балбан буга чейин эки жолку беттеште ийгилик жаратып, чейрек финалга чейин жеткен.
Тайырбек Жумашбек уулу күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту