Лавров менен Ван И АКШ боюнча позициялары бирдей экенин айтышты

Министрлер өз ара кызыкчылыкты жараткан бир катар маселелерди да талкуулашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Россия менен Кытайдын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров жана Ван И Москвада жолукканын РИА Новости жазды.
Алар азыркы туруксуз, чыңалып турган тышкы саясий кырдаалдын шартында улам өнүгүп бара жаткан орус-кытай мамилелерине жогорку баасын беришкен.
БУУ менен өз ара кызматташуу, Коопсуздук кеңешин реформалоо боюнча көйгөйлөр жаатында терең пикир алышуу болгон. ШКУ, БРИКСтин таасири кеңейип, бедели көтөрүлүп бараткандыгын эске алуу менен алардын алкагында майнаптуу координациялык иштерди арттыруунун маанилүүлүгү белгиленген.
Тараптар Украинадагы кырдаалды талкуулап, Россиянын катышуусусуз жана анын кызыкчылыгы эске алынбай туруп кризисти жөнгө салуу келечексиз экенин кеп кылышкан. Министрлер антироссиялык, антикытайлык мүнөздөгү АКШнын эл аралык аренадагы кадамдары боюнча позициялары жакын экендигин белгилешкен.
Ван И улуттук коопсуздук боюнча АКШ президентинин кеңешчиси Жейк Салливан менен сүйлөшүүлөрүнүн кыскача мазмунун кесиптешине айтып берген. Андан сырткары, министрлер өз ара кызыкчылыкты жараткан бир катар маселелерди да талкуулашкан.
Кытайдын ТИМ башчысы: Россиянын БУУдагы ролун эч ким жое албайт